Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-марты № 105
Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө
"Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-августундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |