Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна) |
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби (мындан ары - Тартип) жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ишкердик субъекттер аткарууга тийиш болгон иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
ветеринардык күбөлүк - контролго алынуучу товарларды алып өтүүдө (ташууда) берилүүчү, аларды идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле мындай объекттердин коопсуздугун ырастоочу маалыматтарды камтыган ветеринардык коштоочу документ;
ветеринардык сертификат - алып өтүүгө (ташууга) тийиш болгон, ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарларга берилүүчү, алардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун жана бул товарларды өндүрүүчү жайлардын административдик аймагынын жаныбарлардын жугуштуу ооруларынан, анын ичинде адамдарга жана жаныбарларга мүнөздүү оорулардан корголгондугун күбөлөндүргөн документ;
ветеринардык энтамгалоо - ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы боюнча союлган жаныбарлардын бүтүн, жарым, чейрекке бөлүнгөн жана башка азыктарына аларды тамак-аш, тоют, техникалык (өнөр жайлык) же башка максаттар үчүн пайдаланышын ырастаган тиешелүү энтамганын изин, кагазга графикалык сүрөттөлүшүн, штампты же ветеринардык пломбаны түшүрүү, ошондой эле зыянсыздандырууга (жугушсуздандырууга), утилдештирүүгө же жок кылууга жиберүү;
жаныбарлардан алынган азыктардын идентификациялык номери - азыктардын ар бир партиясына (бирдигине) ыйгарылуучу, азыктардын ошол партиясын (бирдигин) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү тамгалык-сандык же сандык номери;
идентификациялык (каттоо, эсепке алуу) номери - мал чарба объекттин жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн башка катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү уникалдуу номер;
жаныбарлардан алынган азыктарды даярдоочу - сатып алуучуларга (керектөөчүлөргө) сатуу үчүн жаныбарлардан алынган азыктарды өндүргөн (даярдаган) жана анын сапат жана коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүнө жооптуу болгон уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган физикалык жак (анын ичинде чет өлкөлүк);
жаныбарлардан алынган азыктардын бирдиги - керектөөчү, топтук же транспорттук (логистикалык) таңгактагы жаныбарлардан алынган азыктардын партиясынын бөлүгү, ал үчүн идентификациялык белгилердин мааниси идентификациялык объект катары берүү чынжырында өзгөрүлбөйт;
жаныбарлардан алынган азыктардын жүгүртүлүшү - азыктарды чыгаруу, ташып чыгаруу же азыкты кийин сатуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;
жаныбарлардан алынган азыктардын партиясы - белгилүү бир убакыт аралыгында бир даярдоочу тарабынан даярдалган, бирдей маркалоого ээ болгон жана мындай азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу товарды коштоочу документтер менен коштолгон бир аталыштагы жаныбарлардан алынган азыктардын белгилүү саны;
контролго алынуучу товарлар (азыктар) - Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мыйзамдарына ылайык ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар;
өндүрүмдүү жаныбарлар - тамак-ашка пайдалануучу азыктарды алуу үчүн колдонулуучу жаныбарлар;
союу азыгы - өндүрүмдүү жаныбарларды союунун натыйжасында алынган жана андан ары кайра иштетүү (иштетүү) жана (же) сатуу үчүн пайдаланылуучу, этти, субпродукттарды, чийки майды, канды, сөөктү, терини, механикалык жол менен жалатылган (жалатылганга чейин) этти, коллагенди жана ичеги чийки затын камтыган кайра иштетилбеген азык жана жаныбарлардан алынган чийки зат;
сыноо протоколу - жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгын камтыган, аккредитацияланган лаборатория тарабынан берилүүчү расмий документ;
аквакультуранын тамак-аш азыгы - багуунун, көбөйтүүнүн же жасалма жол менен жаратылган жашоо чөйрөсүнүн жарым-жартылай эркин шарттарынан алынган (кармалган) аквакультура объекттери;
айыл чарба даярдоочусу - ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жана/же соода-логистикалык борборунун дарегине, анын ичинде иштетип алма схемасы боюнча чогултууну жана/же ташууну жана/же баштапкы кайра иштетүүнү жана/же сатууну/берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;
жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүгө катышуучу - жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүгө катышкан уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган физикалык жак (анын ичинде чет өлкөлүк).
2. Тартиптин аракети ЕАЭБдин укугун түзгөн актыларда белгиленген ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген жаныбарлардан алынган азыктардын бардык түрлөрүнө жайылтылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн жаныбарлардан алынган азыктарды даярдоочулар (өндүрүүчүлөр) жана жүгүртүүнүн башка катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине ылайык каттоодон өтүүгө тийиш жана ыйгарылган идентификациялык номерге ээ болушу керек.
4. Суудагы биологиялык ресурстарды кармоону кошпогондо, тамак-аш азыгын өндүрүү (даярдоо) үчүн арналган жаныбарлардан алынган иштетилбеген чийки заттар Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ден соолугунун абалы мындай чийки затты тамак-аш максаттарына пайдаланууга мүмкүн болгон өндүрүмдүү жаныбарлардан алынууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана жүгүртүүдө турган жаныбарлардан алынган азыктар идентификацияланууга тийиш жана мындай азыктарга байкоо жүргүзүү камсыздалышы керек.
Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жана башка техникалык регламенттердин талаптарын эске алуу менен камсыздалат, алардын аракети жаныбарлардан алынган азыктардын айрым түрлөрүнө жайылтылат.
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун ортосундагы өз ара байланышта камсыздалат.
6. Жаныбарлардан алынган азыктардын ар бир партиясына жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүчүнүн идентификациялык номеринен жана партиянын идентификациялык номеринен турган уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат.
Жаныбарлардан алынган чийки заттын партиясын жаныбарлардан алынган чийки заттын бир нече партиясын (ар кандай партиялардын бөлүктөрү) механикалык аралаштыруу жолу менен, анын ичинде өндүрүмдүү жаныбардын чийки этин бөлүктөргө бөлүү жолу менен кабыл алууда мындай партияга партиянын жаңы идентификациялык номери ыйгарылат.
7. Жаныбарлардан алынган азыктардын партиясына идентификациялык номер жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүүчүсү тарабынан ыйгарылат.
8. Пайдаланууга даяр болгон азык жаныбарлардан түздөн-түз (анын ичинде чийки эт, сүт, жумуртка) алынган учурларда, партияларды түзүү процесси жок болсо, идентификациялык номер ыйгарылбашы мүмкүн. Жаныбарлардан алынган мындай азыкты өндүрүүчү аны жүгүртүүгө чыгарууда чийки зат алынган жаныбардын идентификациялык номери жөнүндө маалыматты көрсөтөт.
9. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо аларды маркалоонун жана жаныбарлардан алынган азыкты идентификациялоо үчүн зарыл маалыматты камтыган товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат.
10. Жаныбарлардан алынган азыктарды маркалоо жана товар коштоочу документтерди тариздөө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүдө жана сатууда (жүгүртүүгө чыгарууда), анын ичинде аларды кайра иштетүүдө жана утилдештирүүдө ишке ашырылат.
11. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн негизги шарты болуп аларды маркалоо эсептелет.
Жаныбарлардан алынган азыктарды маркалоого карата талаптар Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктары аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламенти (ТР ТБ 022/2011) жана аларга тиешелүү Бажы бирлигинин башка техникалык регламенттери, ошондой эле Тартип менен аныкталат.
12. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардын ээлери, жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүчүлөр кагаз түрүндө же (жана) электрондук алып жүрүүчүлөрдө берген, өндүрүлгөн же сатып өткөрүлгөн азыктар, азык-түлүк чийки заттары, алардын компоненттери, колдонулган тоюттар, тоют кошулмалары жана ветеринардык дары-дармек каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат.
13. Жаныбарлардан алынган азыктардын товардык коштоочу документтери болуп ветеринардык коштоочу документтер (ветеринардык күбөлүктөр, ветеринардык сертификаттар), келишим, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эсеп-фактура, келип чыгуу сертификаты, продукциянын шайкештигин ырастоочу документтер (шайкештик сертификаты, шайкештик жөнүндө декларация) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу продукцияны коштоочу башка документтер саналат.
14. Жаныбарлардан алынган азыктардын негизги товар коштоочу документи болуп жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу электрондук же кагаз түрүндө берилүүчү ветеринардык-коштоочу документ - ветеринардык күбөлүк жана ветеринардык сертификат эсептелет.
Ветеринардык коштоочу документтерсиз жаныбарлардан алынган азыктарды алып өтүүгө, анын ичинде ташууга, сатууга, сактоого жана жүгүртүүгө тыюу салынат.
Ветеринардык сертификат ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана ветеринария, жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан экспорттолуучу/импорттолуучу жаныбарлардан алынган азыктарга берилет.
Жаныбарлардан алынган азыктарды ЕАЭБдин бажы аймагына алып өтүү, ошондой эле жаныбарлардан алынган азыктарды үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, анын ичинде ЕАЭБдин укугун түзгөн актылар менен белгиленген форма боюнча ветеринардык сертификат менен коштолууга тийиш.
Жаныбарлардан алынган азыктарды үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгуу импортточу өлкөнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жаныбарлардан алынган азыктарды алып өтүүдө ветеринар врач тарабынан Тартиптин 1-тиркемесине ылайык № 2а формасы боюнча ветеринардык күбөлүк берет.
Жаныбарлардан алынган азыктарды, анын ичинде жаныбарлардан алынган азык эмес чийки заттарды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо Кыргыз Республикасы менен үчүнчү өлкөнүн ортосунда ветеринардык сертификаттын макулдашылган формасы жок болгон учурда импорттоочу мамлекеттин ветеринардык талаптарына ылайык ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык № 5 формадагы ветеринардык сертификат берет.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде азык эмес чийки затты алып өтүүдө ветеринардык врач тарабынан Тартиптин 2-тиркемесине ылайык № 3а форма боюнча ветеринардык күбөлүк берилет.
Ветеринардык коштоочу документтерди берүү жана тариздөө тартиби, ветеринардык коштоочу документтердин бланктарынын техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу мөөнөтү ветеринария боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Мында ветеринардык коштоочу документтердин колдонуу мөөнөтү жаныбарлардан алынган азыктардын түрүнө жана алардын спецификалык өзгөчөлүктөрүнө, өндүрүмдүү жаныбарларга карата ветеринардык-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжаларына жараша белгиленет, бирок бир айдан ашык эмес.
15. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү боюнча документтер жаныбарлардан алынган азыктардын ээлери жана өндүрүүчүлөр тарабынан сатылгандан кийин кеминде бир жыл сакталууга тийиш.
16. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун негизги механизми болуп жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн катышуучуларынын ар биринин маалыматтык системалары эсептелет, алар чийки затты жана компоненттерди, аны өндүрүү, сатуу, сактоо, ташып өтүү жана утилдештирүү/жок кылуу боюнча операцияларды жана окуяларды каттоону карайт.
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн ар бир катышуучусу жаныбарлардан алынган азыктардын байкоо жүргүзүү системасын (электрондук жана (же) кагаз түрүндө) иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана колдоого тийиш.
Мындай система ал тарабынан өндүрүлгөн же сатылган азык, азык-түлүк чийки заты, алардын компоненттери, колдонулуучу тоюттар, тоют кошумчалары жана ветеринардык дары каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектке байкоо жүргүзүүнү белгилөөгө тийиш.
17. Жаныбарлардан алынган азыктардын ар бир катышуучусунун маалыматтык системасы азык-түлүк чынжырында жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн акыркы керектөөчүнү кошпогондо, Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - ИЖБМР) катталган мурунку жана кийинки катышуучулардын уникалдуу идентификациялык номерлери жана жаныбарлардын (жаныбарлардын топторунун) идентификациялык номерлери жөнүндө маалыматтын болушун камсыз кылууга тийиш.
Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү системасы жаныбарлардан алынган азыктардын партиясы жана (же) бирдиги жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- аталышы;
- келип чыгуу коду;
- саны;
- даярдалган күнү;
- жарактуулук мөөнөтү;
- жаныбарлардан алынган азыктардын идентификациялык номери;
- азык даярдоочунун (өндүрүүчүнүн) аталышы жана анын юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги;
- Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон объекттердин бирдиктүү реестринде даярдоочунун (өндүрүүчүнүн) жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу ишке ашырыла турган объекттин идентификациялык (каттоо) номери;
- Тартипте каралган башка маалыматтар.
18. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү системасы Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жана жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрү үчүн Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бериши керек.
19. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган жаныбарлардан алынган азыктарга берилген ветеринардык коштоочу документтер аркылуу жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системаны түзөт жана жүргүзөт.
20. Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында чарба жүргүзүүчү субъект ветеринария боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн жаныбарлардан алынган азыктардын партиясы жана (же) бирдиги жөнүндө маалымат берет.
21. Импорттолуучу жана экспорттолуучу жаныбарлардан алынган азыктардын ар бир партиясы жана (же) бирдиги жөнүндө маалыматтар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү боюнча маалыматтык системасына киргизилиши керек.
22. Жаныбарлардан алынган азыктардын аталышы, партиянын жана (же) бирдиктин даярдалган күнү жөнүндө маалымат, ошондой эле даярдоочунун аталышы жана анын юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктары аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 022/2011) талаптарын сактоо менен түздөн-түз азыкка жана (же) этикеткаларга жана (же) ярлыктарга жана (же) кошумча барактарга жана (же) товарды коштоочу документтерге жайгаштырылат.
2-глава. Өндүрүмдүү жаныбарлардын союу азыгын жана эт азыктарын идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү өзгөчөлүктөрү
23. Жаныбарларды союу азыгына жана жүгүртүүгө чыгарылган эт азыгына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу идентификациялоонун негизинде алар алынган жаныбардын (жаныбарлар тобунун) идентификациялык номери менен алардын байланышын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маркалоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
24. Өндүрүмдүү жаныбарлардын союу азыгына байкоо жүргүзүү системасы Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты, ошондой эле жаныбардын (жаныбарлар тобунун) союлган датасы, союу азыгы алынган жаныбардын (жаныбарлар тобунун) идентификациялык номери көрсөтүлүшү керек.
25. Азык-түлүк максаттары үчүн өндүрүмдүү жаныбарларды союу азыктары милдеттүү ветеринардык энтамгаланууга тийиш.
Союу азыктарына ветеринардык энтамга жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы боюнча коюлат.
Ветеринардык энтамгасыз союу азыктарын жүгүртүүгө чыгарууга жол берилбейт.
26. Ветеринардык энтамгалардын жана штамптардын үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарына, ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3-глава. Сүт жана сүт азыктарын идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
27. Сүт жана сүт азыктарын өндүрүү процессинин бардык баскычтарында аларга байкоо жүргүзүү камсыз болушу керек.
Чарба жүргүзүүчү субъекттерден жана жеке көмөкчү чарбалардан сүттү жана сүт азыктарын чогултуу Жаныбарларды идентификациялоо эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык чарбанын бакубаттуулугун тастыктаган ветеринардык күбөлүк (№ 1а формасы) бар болгондо гана ишке ашырылат.
Чийки сүт жана сүт азыктары сүттү кабыл алуу пункттарына жана сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга № 2а формасындагы ветеринардык күбөлүк болгондо гана коштолот жана ага Тартиптин 3-тиркемесине ылайык тизме тиркелет.
28. Чийки сүттү жыйноо, сактоо жана муздатуу айыл чарба даярдоочусу (мындан ары - даярдоочу) тарабынан адистештирилген транспорт каражаттарынын идиштерин же башка идишти, резервуарларды, бидондорду, сүттү муздатуу үчүн муздаткычтарды колдонуу менен жүзөгө ашырылат, алар тамак-аш азыктары үчүн арналган материалдардан жасалууга тийиш.
29. Чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга (мындан ары - ишканалар) чейин чийки сүттү ташуу тез бузулуучу азыктарды ташуу үчүн санитардык ченемдерге туура келген, тамак-аш азыктары менен байланышта болгон материалдардын коопсуздук талаптарына жооп берген материалдардан жасалган бекем жабылган капкактары бар, пломбаланган идиштерде ташылат.
30. Чийки сүттү ташуу үчүн транспорт каражаттары белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек, атап айтканда:
- санитардык паспорту болушу керек;
- үзгүлтүксүз техникалык кароодон өтүүгө жана оң абалда болууга тийиш;
- жууп, дезинфекциялоого мүмкүн болгон гигиеналык корпуска ээ болушу керек;
- ар бир рейске чыгуунун алдында жана рейс аяктагандан кийин үзгүлтүксүз тазаланышы жана жуулушу керек;
- чийки сүттү ташуу үчүн ылайыктуу, санитардык ченемдерге жооп берген идиштер менен жабдылышы керек.
31. Ишканалар чийки сүттү кабыл алууну ишке ашырууда экспресс-анализ жүргүзүү үчүн даярдоочуну тесттик системалар менен камсыз кылышы керек.
32. Даярдоочу менен ишкананын ортосундагы өз ара мамилелер чийки сүттү кабыл алуу-тапшыруу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн алардын ортосунда түзүлгөн өз ара мамилелер жөнүндө келишимдин (мындан ары - Келишим) негизинде белгиленет.
33. Бир тараптан даярдоочу менен экинчи тараптан ишкананын ортосунда чийки сүттү кабыл алуу-тапшыруу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн келишимде төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылышы керек:
- сүттү кабыл алуу-тапшыруу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери, тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби, анын ичинде сотко чейинки, соттон тышкаркы жана соттук жөнгө салуу тартиби;
- чийки сүттүн талаптарына жана сапат стандарттарына жооп бербеген чийки сүттү кабыл алуудан баш тартуунун тартиби;
- Бажы бирлигинин "Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарын сактоону камсыздоочу стандартташтыруу боюнча документтердин тизмегине шилтеме (ББ ТР 033/2013);
- чийки сүт үчүн төлөмдүн көлөмү жана эсептөөлөрү;
- чийки сүт үчүн төлөө шарттары (төлөм накталай эмес эсептешүүнүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 25 "Уйдун чийки сүтүндө майдын жана белоктун болушунун базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомунун сүттүн сапаттык параметрлери бөлүгүндөгү жоболорун сактоо.
34. Сүттү кайра иштетүүчү ишкана менен келишим түзбөстөн, даярдоочудан сүттү кабыл алууга тыюу салынат. Келишим түзгөн субъекттер Кыргыз Республикасынын сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга тийиш.
35. Сүттү кабыл алууда лабораториялык маалыматтардын дал келбестиктери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда тараптар Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика борборунун сыноо лабораториясына (мындан ары - ВК ВДБ) кайрылышат.
36. ВК ВДБнын лабораториясы тарабынан берилген корутунду даярдоочулар менен чийки сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү үчүн акыркы болуп саналат.
37. Ишканалар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- даярдоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелердин туруктуу системасын түзүүгө;
- лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн стандарттары боюнча лабораторияларды аккредитациялоого;
- калк арасында сүттү кабыл алуу жана анын сапаты жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
- даярдоочулар үчүн андан ары кайра иштетүү үчүн арналган чийки сүттү кабыл алуу талаптары боюнча окутуу өткөрүүгө.
38. Сүт жана сүт азыктары жөнүндө маалымат Тартиптин 17-пунктунда каралган маалыматтарга кошумча аны берүүчү тарабынан чийки заттын жөнөтүлгөн күнүн жана убактысын (саатын, мүнөтүн), жөнөтүүдөгү чийки заттын температурасын (С) жана антибиотиктерге сыноо протоколун камтышы керек.
39. Сүт жана сүт азыктары Бажы бирлигинин "Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 033/2013) ылайык маркаланууга тийиш.
4-глава. Жумурткаларды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
40. Ар бир жумуртка өндүрүүчү тарабынан жумуртка салуу жана сорттоо мезгилинин датасын, жумуртканын классификациясын жана категориясын көрсөтүү менен маркаланат. Маркалоо каражаттары тамак-аш азыктары менен байланышта болуу үчүн уруксат берилген болушу керек жана азыктын сапатына таасирин тийгизбеши керек.
Жумуртканын маркалоосу так, ачык, жуулуп кетпегендей жана ысыкка чыдамдуу болушу керек.
Керектөө идишинин ар бир таңгактоочу бирдиги маркалоого жатат.
Керектөө идишине таңгакталган жумуртканы ошол идишке көрсөтүлгөн маалымат жазылган этикетка чапталган шартта маркалабоого жол берилет.
Жумуртканын таңгагынын этикеткасы керектөө идишин ачканда бузулууга дуушар болгудай кылып жайгаштырылышы керек.
41. Жумурткаларга байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык системасы Тартиптин 17-пунктунда каралган маалыматтарга кошумча катары төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- жумуртканын товардык категориясы жана сорттуулугу;
- жумуртка салуу жана сорттоо мезгилинин датасы;
- сактоо шарттары.
42. Жумуртканын ар бир партиясы бир ветеринардык коштоочу документ менен коштолот, анда өндүрүүчү алардын сапатын жана коопсуздугун тастыктайт.
5-глава. Балды жана балчылыктын башка азыктарын идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
43. Бал жана балчылыктын башка азыктары маркаланууга тийиш.
44. Балды жана балчылыктын башка азыктарын маркалоо жана байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык системасы Тартиптин 17-пунктунда каралган маалыматтарга кошумча балдын, азыктын түрдүк курамы, идентификациялык коду, балды таңгактоочу жер жөнүндө маалыматты жана ветеринария боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган балды таңгактоочу объекттин идентификациялык номерин камтууга тийиш.
6-глава. Балыктарды жана аквакультуранын башка азыктарын идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
45. Балыкка жана аквакультуранын башка азыктарына байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык системасы ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- балыктын жана аквакультуранын башка азыктарынын аталышында ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын коду (ТЭИ ТН) көрсөтүлүшү зарыл;
- даярдоо жеринде таңгакталбаган азыктардын партиясын таңгактоодо таңгактоо датасы кошумча көрсөтүлөт.
46. Балык азыктары жана аквакультура азыктары милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.
7-глава. Корутунду жоболор
47. Тартиптин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
48. Тартиптин талаптарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
49. Тартиптин талаптарын бузуу менен ташылып келинген жана жүгүртүүгө чыгарылган жаныбарлардан алынган азыктар сапатсыз жана кооптуу деп табылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна ылайык утилдештирүүгө/жок кылынууга жатат.
50. Тартиптин талаптарын ишке ашырууга байланыштуу бардык чыгымдарды чарба жүргүзүүчү субъект көтөрөт.
|
| Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартибине 1-тиркеме |
№ 2а формасы
Ветеринардык күбөлүк № _____________
"___" _________________ 20____-ж.
_________________________________________________________________________________
(облус, район (шаар)
_________________________________________________________________________________
(айыл аймагы, айыл)
_________________________________________________________________________________
(Ветеринардык врачтын аты-жөнү)
Бул Ветеринардык күбөлүк берилди:
_________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(жаныбарлардан алынган азыктардын же чийки заттын аталышы)
_________________________________________________________________________________
саны _____________________ ___________________ _______________________
(орду, даана, кг) (таңгак) (маркалоо)
___________________________________________________________________ иштелип чыккан
(ишкананын аталышы, ээсинин аты-жөнү, дареги)
__________________________________________________________________________________
(өндүрүш датасы, жөнөтүү убактысы, чийки заттын температурасы)
алдын ала ветеринардык кароо жүргүзүлдү жана
___________________________________________________________________________________
(чектөөсүз, чектөөлөр менен сатуу: иштетүү үчүн себебин көрсөтүү) үчүн жарактуу деп таанылды
___________________________________________________________________________________
Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү:
___________________________________________________________________________________
(лабораториялык экспертизанын номери жана датасы, изилдөөнүн жыйынтыгы)
жана _____________________________________________________________________ жөнөтүлдү
(транспорттун түрү, жүрүү маршруту, транспорттун температуралык режими)
___________________________________________________________________________________
(бара турчу жери, аталышы жана алуучунун дареги)
___________________________________________________________________________________
(товар коштоочу документтердин номери)
Продукция кошумча лабораториялык изилдөөлөрдөн өттү
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(лабораториянын аталышы, экспертизанын номери жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы)
Ветеринардык күбөлүк жүктөөдө, жолдо жүрүүдө контролдоо үчүн көрсөтүлөт жана жүк алуучуга
өткөрүп берилет.
Күбөлүктүн көчүрмөлөрү жараксыз.
Эгерде бланкты толтуруу тартибин бузуулар аныкталса бул күбөлүк аныкталган бузууларды
көрсөтүү менен жүктүн чыккан жери боюнча райондун башкы мамлекеттик ветеринардык
инспекторуна өткөрүп берилет.
___________________________________________
(аты-жөнү (толук)
М.О. ___________________________________________
(кызмат орду, колу)
|
| Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартибине 2-тиркеме |
№ 3а формасы
Ветеринардык күбөлүк № ___________________
"___" _____________________________ 20______-ж.
_________________________________________________________________________________
(облус, район (шаар)
_________________________________________________________________________________
(айыл аймагы, айыл)
_________________________________________________________________________________
(ветеринардык врачтын аты-жөнү)
Бул ветеринардык күбөлүк берилди:
_________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(чийки заттын жана тоюттун аталышы)
_________________________________________________________________________________
саны _____________________ ___________________ _______________________
(орду, даана, кг) (таңгак) (маркалоо)
__________________________________________________________________________ тегинде
(союучу жай, өлүк, чогултулган, соо же ооруган малдан алынган)
_________________________________________________________________________________
(ишкананын аталышы, ээсинин аты жөнү, дареги)
_________________________________________________________________________________
жана төмөнкүлөр үчүн жарактуу деп таанылган:
_________________________________________________________________________________
(чектөөсүз, чектөөлөр менен сатуу - себебин көрсөтүү)
_________________________________________________________________________________
(кайра иштетүү, колдонуу - режимин көрсөтүү)
жана ___________________________________________________________________ жөнөтүлдү
(транспорттун түрү, жүрүү маршруту)
_________________________________________________________________________________
(алуучунун аталышы жана дареги)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(товар коштоочу документин номери)
чийки заттар ______________________________________________________________________
(дезинфекциялоо, жуу, консервациялоо, изилдөө
препараттарынын методун жана аталышын көрсөтүү)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
өткөрүлдү
Ушул ветеринардык күбөлүк жүктөөдө, жолдо жүрүүдө контролдоо үчүн көрсөтүлөт жана жүк
алуучуга өткөрүп берилет.
Күбөлүктүн көчүрмөлөрү жараксыз.
Эгерде бланкты толтуруу тартибин бузуулар аныкталса бул күбөлүк аныкталган бузууларды
көрсөтүү менен жүктүн чыккан жери боюнча райондун башкы мамлекеттик ветеринардык
инспекторуна өткөрүп берилет.
___________________________________________
(аты-жөнү (толук)
М.О. ___________________________________________
(колу)
|
| Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартибине 3-тиркеме |
Сүттү жана сүт азыктарын чогултуу ОПИСИ
________________________________ району (облусу) _____________________ айылы 20___-ж. ______ айы
Ветеринардык күбөлүк № ______________________________________________________________________
Сүт тапшыруучунун аты-жөнү | Жаныбардын идентификациялык номери | Айдын числосу (Сүттүн көлөмү литр менен) | ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы күн сайын |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы бир айда |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ветеринардык врач _______________________________ ____________________________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
Сүттү жыйынтыктоочу: _____________________________ ____________________________
(аты-жөнү) (колу)