Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 31-январы № 14
Кара-Бак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ж.Шадиманова |