Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 31-январы № 16
Достук айылынын тургуну Абдураим уулу Абсаттарга кезексиз тамарка жер берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургуну II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген Абдураим уулу Абсаттарга 0,10 га жер аянтын кезексиз берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ж.Шадиманова |