Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-февралы № 111-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 "2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2026-жылга чейин "Алтын Казык" иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-аракеттер планынын индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - матрица) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдерүнүн аппаратгары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берип турсун;
- жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен матрицанын индикаторлоруна жетингүү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берип турсун.
4. Бул тескемени ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөге ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 25-июлдан жана 25-январдан кечиктирбестен Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |