Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 111-т тескемеси менен бекитилди) |
2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү
өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча
2026-жылга чейин "Алтын Казык" иш-аракеттер планы
№ | Милдеттер | Чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1-бөлүм. Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (ТӨМ 4.2) | |||||
1.1 | Мектепке чейинки билим берүү жана эрте өнүктүрүү кызматтарын алуудагы теңсиздикти жоюу (ТӨМ 4.2.2) | 6 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө мектепке даярдоону камсыз кылуу | 2025-жыл | 5,5-6 жашка толгон балдар "Наристе" программасы боюнча мектепке чейинки даярдыкка тартылышты | БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
1.2 | 560 кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү (ЭАФ) | 2024-2025-жылдар | 25 миңге жакын баланы камтыган 560 кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп жатат | БИМ, ДБ ДИА/КБ, КРП облустардагы ЫУӨ | |
1.3 | Билим берүү максатында пайдалануу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын уктоочу жайларын модернизациялоо | 2024-2026-жылдар | 1710 типтүү мектепке чейинки билим берүү уюмдары мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында трансформациядан өттү | БИМ | |
1.4 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын түз багыты боюнча пайдаланууга кайтаруу (оңдоо жана жабдуу) | 2025-2026-жылдар | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кайтарылып берилген имараттары түз багыты боюнча иштеп жатат | КРП облустардагы ЫУӨ | |
1.5 | Региондордун деңгээлинде "Өкмөттүк акселератор" программасын ишке ашыруу | 2024-2026-жылдар | Мектепке чейинки билим берүү жана эрте өнүктүрүү менен камтууну көбөйтүү максатында үй-бүлөлүк типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачкан жеке ишкерлер окутулду, сертификацияланды. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышына көмөк көрсөтүлдү | БИМ, КРП облустардагы ЫУӨ | |
1.6 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоонун механизмдерин иштеп чыгуу | 2025-2026-жылдар | Мектепке чейинки билим берүүгө багытталган финансылык каражаттарды пайдалануунун ачыктыгы жогорулады жана финансылык милдеттенмелер чектелди | БИМ, ФМ | |
1.7 | Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо | 2025-2026-жылдар | Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү кызматтарын төлөөгө мамлекет тарабынан ваучер аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтары биргелешип каржыланды (аялуу топтордогу 1000 бала үчүн) | БИМ, ФМ | |
1.8 | Мектепке чейинки билим берүүнүн жана эрте өнүктүрүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын жана аны ишке ашыруу боюнча колдонмону иштеп чыгуу | 2025-жыл | Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты жана аны ишке ашыруу боюнча колдонмо иштелип чыкты | БИМ |
1.9 | "Балалык" мектепке чейинки билим берүү программасын жаңылоо (ТӨМ 4.2.1) | 2025-жыл | 3-5 жаштагы балдар үчүн "Балалык" мектепке чейинки билим берүүнүн жаңыланган программасы иштелип чыкты | БИМ | |
1.10 | Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча маалыматты чогултуу, иштетүү жана талдоо үчүн механизмдерди, жол-жоболорду жана инструменттерге жана технологиялык чечимдерге коюлган талаптарды аныктоо | 2025-2026-жылдар | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кеминде 10% билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүдөн өтөт | БИМ, БИМге караштуу БСӨД | |
1.11 | Бапанын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук тандалма изилдөө жүргүзүү | 2025-жыл | Баланы эрте өнүктүрүү инструменти 200 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында жүргүзүлгөн изилдөөдө колдонулат | БИМ, ДБ ДИА/КБ | |
1.12 | Мектепке чейинки билим берүү системасынын окуу жайларынын жетекчилерин дайындоонун конкурстук системасын камсыз кылуу | 2025-2026-жылдар | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт | БИМ, БИМге караштуу БСӨД | |
2-бөлүм. Жалпы сабаттуулук: иш жүзүндө жана функционалдык (ТӨМ 4.6) | |||||
2.1 | Билим берүү системасын модернизациялоо - 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү | 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү шарттарында башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү деңгээлинде билим берүүнүн стандартын иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштуруу | 2025-жыл | Башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы деңгээлдеги билим берүүнүн стандартынын долбоору иштелип чыкты | БИМ |
2.2 | 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүүнүн талаптарына ылайык жалпы билим берүү деңгээлинде билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана педагогикалык кызматкерлерин окутуу/кайра даярдоо концепциясын жана модулдарын иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштуруу | 2025-жыл | 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүүнүн талаптарына ылайык билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана педагогикалык кызматкерлерин кайра даярдоо концепциясы жана модулдары иштелип чыкты | БИМ | |
2.3 | Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базанын абалы жөнүндө маалыматтарды талдоону уюштуруу | 2025-жыл | Билим берүү уюмдарынын инфратүзүмдүк абалы жана материалдык-техникалык жабдуу жөнүндө маалыматтарга мектептик билим берүүнүн баскычтарынын түзүмүнүн өзгөртүлүшүн жана мазмунунун жаңыртылышын эске алуу менен талдоо жүргүзүлдү | БИМ, КАТЖКЧМ | |
2.4 | Программалоо, 3D моделдөө, робототехниканы өздөштүрүү үчүн мектеп технопарктарын түзүүнүн баштапкы баскычы катары мектептин лабораториялык аянтчаларын (STEM) түзүү | 2025-2026-жылдар | 23 мектепти жана КБАны реконструкциялоо, андан ары алардын базасында лабораториялык аянтчаларды (STEM), анын ичинде программалоо, 3D моделдөө жана робототехниканы түзүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу | БИМ, АӨБ долбоору | |
2.5 | 12 жылдык мектептик билим берүү форматын ишке киргизүүнү маалыматтык коштоо. БИМдин буйругу менен бекитилген 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү боюнча нускамалардын, жоболордун жана эрежелердин болушу. Окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге жаңы билим берүү системасына ийгиликтүү көнүүгө жардам бере турган маалыматтык ресурстарга кеңири жетүүсүн камсыз кылуу | 2025-2026-жылдар | Билим берүүнүн жаңы системасына адаптациялоо боюнча окуучуларга, мугалимдерге маалымат берүү үчүн инструктивдик жана аналитикалык материалдар иштелип чыкты. Окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин билим берүүнүн жаңы системасына ийгиликтүү адаптациялануусуна жардам берүүчү маалыматтык ресурстарга кеңири жетүү камсыз кылынды | БИМ | |
2.6 | БИМге караштуу 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү процессин көзөмөлдөө боюнча штаб түзүү | 2025-2026-жылдар | 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү боюнча иш-чаралардын ишке ашырылуусуна мониторинг жүргүзүлдү | БИМ | |
2.7 | Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү концепциясына ылайык мектепте окутуунун жаңы форматын ишке киргизүү боюнча практикалык чараларды иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | 6 жашка чыккан балдар (100%) 12 жылдык мектептин 1-классында билим ала башташат; мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептерде "Наристе" мектепке чейинки билим берүү программасын аяктаган балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт; 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн өтүшөт; 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн өтүшөт | БИМ | |
2.8 |
| 2026-2027-окуу жылы | 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн өтүшөт; 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн өтүшөт; 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн өтүшөт | БИМ | |
2.9 | Мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыз кылуу | Улуттук ОМКны иштеп чыгуу жана/же алдынкы эл аралык тажрыйбаны адаптациялоо аркылуу математика, физика, химия, биология, маалыматтык технологиялар предметтери боюнча ОМКны модернизациялоо | 2025-2026-окуу жылы | Улуттук контекстке ылайык STEM-предметтери боюнча ОМК которулду жана адаптацияланды | БИМ |
2.10 | ОМК басып чыгаруу, жалпы билим берүүчү мектептерге жеткирүү | 2025-2026-жылдар | 2025-жыл - 744 млн. сомго окуу китептерин басып чыгаруу; 2026-жыл - республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык иш жүзүндө басып чыгаруу | БИМ, ФМ | |
2.11 | Окуу китептеринин бирдиктүү санариптик платформасын түзүү | 2025-2026-окуу жылы | Окуу китептеринин бирдиктүү санариптик платформасында окутуу киргизилди | БИМ | |
2.12 | Республиканын мугалимдерине кеңири методикалык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу | Облустук усулдук билим берүү борборлорунун, билим берүү башкармалыгынын аймактык органдарынын усулдук бөлүмдөрүнүн функцияларын жаңылоо | 2025-жыл | Мектептик билим берүүнүн 12 жылдык форматына өтүү процессин кошо алганда, мектептерди күчөтүлгөн методикалык колдоонун модели иштелип чыкты | БИМ |
2.13 | Ыкчам методикалык жардамдын жаңы форматын иштеп чыгуу | 2025-жыл | "Туңгуч" онлайн мектебинин базасында "Мобилдик мугалим - көчмөн мугалим", "Виртуалдык мугалим" форматтары иштелип чыкты | БИМ | |
2.14 | "Кадрлардын улуттук педагогикалык резерви" автоматташтырылган маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгуу | "Вакансия" жана "Иш сапар" модулдарын толуктап иштеп чыгуу | 2025-жыл | Толуктап иштеп чыгуулардын алкагында билим берүү уюмдарына мугалимдерди жумушка алуу процесси өзгөртүлдү | БИМ |
2.15 | Ведомстволук сыйлыктарды алуу үчүн документтерди электрондук кабыл алууга өтүү | 2025-2026-жылдар | Ведомстволук сыйлыктарды берүүгө документтерди кабыл алуунун автоматташтырылган санариптик платформасы иштелип чыкты | БИМ, СБББ ММ | |
2.16 | Мектепте окутуунун сапатын жогорулатуу (ТӨМ 4.с.1) | Даярдыктын педагогикалык багыттагы бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле узак тыныгуудан кийин мектепте иштей баштаган мугалимдерди көз карандысыз сертификациялоону жүргүзүү боюнча ченемдерди иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Мугалимдерди көз карандысыз сертификациялоону жүргүзүү боюнча ченемдердин долбоору иштелип чыкты | БИМ, ЭСКММ |
2.17 | Мугалимдердин окутуу предмети боюнча билимин тестирлөө боюнча локалдык ченемдерди иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Мугалимдердин окутуу предмети боюнча билимин тестирлөөнү жүргүзүү боюнча локалдык ченемдердин долбоору иштелип чыкты | БИМ | |
2.18 | Мектептеги билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү системасын жаңылоо | 2025-жыл | Мектептеги билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргузүү үчүн маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо механизмдери, жол-жоболору жана инструменттерине жана технологиялык чечимдерине коюлган талаптар иштелип чыкты | БИМ, БИМге караштуу БСӨД | |
2.19 | "Санариптик диктант" АМСин иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Диктант жазуу процессин онлайн жүргүзүүгө жана жыйынтыктарды текшерүүнү автоматташтырууга мүмкүндүк берген "Санариптик диктант" АМСи иштелип чыкты | БИМ, СБББ ММ | |
2.20 | 15 жаштагы окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программага - P1SA-2025 изилдөөсүнө катышуу (мындан ары - PISA-2025) | PISA өткөрүү - электрондук платформада үч багыт боюнча 180-250 билим берүү уюмдарын тандоо менен окуучулардын билим берүү жетишкендиктерин изилдөө | 2025-жыл | Тандалган 180-250 билим берүү уюму менен окуучулардын билим алууда жетишкендиктерине PISA изилдөөсү жүргүзүлдү | БИМ, БИМге караштуу БСӨД |
3-бөлүм. Мектептик билим берүү менен камтуу (ТӨМ 4.1) | |||||
3.1 | Коопсуз жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү, анын ичинде мектептик билим берүү менен камтууну кеңейтүү | Майыптыгы бар балдарды кошкондо, онлайн режиминде мектептик билимди тең укуктуу алуу үчүн толук кандуу онлайн-мектепти түзүү | 2025-2026-окуу жылы | "Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө ченемдик укуктук база иштелип чыкты. Электрондук билим берүү контентинин санариптик платформасы иштелип чыкты. Онлайн-мектеп ишке киргизилди | БИМ |
3.2 | Билим берүү объекттерин курууга жана капиталдык оңдоого мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана мониторинг жүргүзүү | 2024-2026-жылдар | Капиталдык ремонтко жана курулушка муктаж мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдардын маалымат базасын түзүү. Титулдук тизмедеги билим берүү объекттеринин саны жана пайдаланууга берилген объекттердин иш жүзүндөгү саны (жыл сайын) | БИМ, КАТЖКЧМ, ФМ | |
3.3 | Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга жалпы билим берүү уюмдарын эмерек менен камсыз кылуу | Жалпы билим берүү уюмдары үчүн жабдууларды жана инвентарды сатып алуу жана бөлүштүрүлүүсүн контролдоо | 2025-жыл | Мектеп эмеректеринин 260 даана класс-комплекттери сатып алынды | ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" ММ, БИМ |
3.4 | Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жалпы билим берүү уюмдарын компьютерлер менен камсыз кылуу | Жалпы билим берүү уюмдары үчүн жабдууларды жана инвентарды сатып алуу жана бөлүштүрүлүүсүн контролдоо | 2025-жыл | 900 даана компьютер сатып алынды | ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" ММ, БИМ |
3.5 | Билим берүү системасына 25 млн. АКШ долл. өлчөмүндө инвестиция тартуу, анын ичинде: 15 млн. АКШ долл. грант, 10 млн. АКШ долл. кредит | Долбоордук өтүнмөлөрдү макулдашуу, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, финансылык макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун даярдоо, КР ЖКда ратификациялоо | 2025-2026-жылдар | "Сапаттуу коопсуз чөйрө" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы финансылык макулдашуу долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жактырылды | БИМ, ФМ |
4-бөлүм. Жынысына жана аялуулугуна карабастан билим алууга жеткиликтүүлүк (ТӨМ 4.5) | |||||
4.1 | Кыргыз Республикасында инклюзивдүү билим берүүнүн сапатын жакшыртуу | Инклюзивдүү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2026-жыл | Инклюзивдүү программаларды ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдарын колдоо, тьюторлорду, логопеддерди, психологдорду жалдоо, үйдө окутуу, мектепте коштоо, интернаттарды реформалоо механизмдерин камтыган инклюзивдүү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча программанын долбоорун бекитүүгө киргизүү | БИМ |
4.2 | Натыйжалуу каржылоо аркылуу сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Бир окуучуга эсептегенде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемин иштеп чыгуу | 2025-жыл | Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин жаңылоо боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты (коммуналдык чыгымдарды эсепке албаганда) | БИМ, ФМ |
4.3 | Окуучулардын тамактануусун жакшыртуу (ТӨМ 2) | Тамак-аштын сапатын жакшыртууну уюштуруунун мониторинг системасын киргизүү. Мектеп алдындагы чарбаларды өнүктүрүү | 2025-2026-жылдар | Тамак-ашты уюштурууда сапаттын мониторинги системасы иштелип чыкты. Мектептер өздөрүнүн жашылча-жемиштери мемен камсыз кылынды, тамак-аштын сапаты жакшыртылды | БИМ, ССМ, САЧКӨМ |
4.4 | Ата-энелер менен өз ара аракеттенүү жана балдарды тарбиялоо (ТӨМ 4.7.1) | Өз алдынчалыкты, аң-сезимдүү жоопкерчиликти, аяр мамилени, келечекке даярдыкты, мектеп жашоосуна катышууну өнүктүрүү боюнча улуттук моделди иштеп чыгуу. Өзүн-өзү тейлөө компетенциялары | 2025-жыл | Ийгиликтүү дүйнөлүк практикага негизделген улуттук модель иштелип чыкты | БИМ, ССМ, ЭСКММ, ЖРЭТКМ |
4.5 | Республикалык "Бир окуучудан бир көчөт" акциясын өткөрүү | 2025-2026-жылдар | Акциянын алкагында иш-чаралар планы ишке ашырылды. Окутуу процессин бакчадагы, гүлбактардагы жана мектеп алдындагы чарбалардагы иш менен байланыштырган мектептер үчүн программа (биологияны, экологияны, географияны ж.б. окутуу) - "Жашыл мектеп" иштелип чыкты | БИМ, ЖРЭТКМ, САЧКӨМ | |
4.6 | Билим берүү уюмдарында дискриминациянын, диний негиздеги чыр-чатактардын, экстремизмдин, терроризмдин, баңгиликтин, суициддин, жугуштуу оорулардын жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2025-2026-жылдар | Профилактикага багытталган иш-чаралар уюштурулду. Методикалык материалдар иштелип чыкты жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылды. Бул багыттар боюнча форумдар, конференциялар, тегерек столдор, лекциялар жана тренингдер уюштурулду | БИМ, ССМ, ЭСКММ, ММСЖСМ, ИИМ, УКМК, ДИМК | |
4.7 | Мектеп окуучулары арасында сергек жашоо образын жайылтуу | "Кыргыз Республикасынын мектеп лигасы" долбоорун кеңейтүү, анын ичинде жаңы сабактарды кошуу | 2025-2026-жылдар | Ченемдик база жаңыртылды, киберспорт жана квадрокоптер боюнча сабактарды киргизүү үчүн өнөктөштөр жана демөөрчүлөр тартылды | БИМ |
4.8 | Иштин мектептен тышкаркы инновациялык формаларын өнүктүрүү | Ачык программалоо платформасын колдонууга негизделген окуу программасын апробациялоо | 2025-2026-окуу жылы | "Алтын түйүн" базасында апробациялоо үчүн окуу программасы иштелип чыкты. Окуу программасын ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр жана демөөрчүлөр тартылды | БИМ |
4.9 | Музыка предметинин алкагында мектептердин базасында балдар хорлорунун жамааттарын уюштуруу | 2025-2026-окуу жылы | Мектептерде стрессти азайтуу жана командалык иш-аракеттерди тарбиялоо үчүн хор ырдоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү | БИМ | |
5-бөлүм. Башталгыч кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүк (ТӨМ 4.3) | |||||
5.1 | БКББ системасын модернизациялоо | БКББны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | БКББны өнүктүрүү планынын долбоору, анын ичинде финансылык эсептөөлөр иштелип чыкты | БИМ, ФМ, ЭСКММ, ЭКМ, САЧКӨМ |
5.2 | Кесиптик лицейлерде окутуунун сапатын жакшыртуу | Суроо-талапка ээ 5 кесип боюнча кыска мөөнөттүү курстарды иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Жаңы иштелип чыккан курстар ченен кошумча 10 миң адам камтылды | БИМ, ЭСКММ |
5.3 | Кыска мөөнөттүү негизде жумушчу кесиптерге окутуунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн маалыматтык системаны иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Бойго жеткен жумушсуз калкка кумушчу кесипке ээ болууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система бар | БИМ, ЭСКММ | |
5.4 | Жумушчу кесиптерди популярдаштыруу | Кесиптердин фестивалдарын жана жумушчу кесиптер боюнча чемпионаттарды "Worldskills" форматында өткөрүү | 2025-2026-жылдар | "Worldskills" чемпионатына катышуучулардын саны кесиптик пицейлердин окуучуларынын жалпы санынын 15%на чейин көбөйтүлдү | БИМ |
5.5 | БКББ мазмунунун иш берүүчүлөрдүн талаптарына жана эмгек рыногунун суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу | Кесиптик лицейлерди дуалдык окутуу, жумуш ордунда окутуу менен кеңири камтуу жана иш берүүчүлөр менен өз ара байланышты күчөтүү | 2025-2026-жылдар | 65 кесиптик лицей (67,7%) дуалдык окутуу менен камтылды | БИМ, ЭСКММ |
5.6 | Бойго жеткен жарандар алган формалдуу эмес окутууну таануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу | Формалдуу эмес окутуунун натыйжаларын валидациялоо (таануу) системасын өнүктүрүү | 2025-2026-жылдар | Көз карандысыз сертификация жана валидация борбору иштеп жатат | БИМ |
6-бөлүм. Жаштардын жана чоңдордун кесиптик көндүмдөргө жетүүсү (ТӨМ 4.4) | |||||
6.1 | Вертикалдуу жана горизонталдуу байланыштарды камсыз кылуу - "кесиптик лицей - колледж - ЖОЖ" | БКББдан ОКББга жана ЖКББга өтүү траекториясын камсыз кылуу | 2025-2026-жылдар | БКББ бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорго жана ОКОЖдорго кабыл алынды. ЭКББ бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдордун тездетилген программаларына кабыл алынды | БИМ |
6.2 | Алдынкы тажрыйба борборлорун түзүү | Колледждердин алдында алдынкы тажрыйба борборлорун түзүү | 2025-2026-окуу жылы | Пилоттук колледждердин тажрыйбасы жайылтылды | БИМ |
6.3 | КР ОКОЖдорунда жана ЖОЖдорунда жарандардын суроо-талаптары менен иштөө процессин санариптештирүү | ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун архивдерин санариптештирүү | 2025-2026-жылдар | КР ЖОЖдорунда жана ОКОЖдорунда архивдик маалымкаттарды берүүнүн маалыматтык системасы модернизацияланды | БИМ |
6.4 | Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик үлгүдөгу документтери жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 2025-2026-жылдар | Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик үлгүдөгү документтери жөнүндө жобонун долбоору бекитилди | БИМ | |
6.5 | Менчигинин түрүнө карабастан колледждердин жана ЖОЖдордун ортосунда атаандаштык чөйрөнү түзүү | Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | БИМ, ФМ |
6.6 | ЖКБны модернизациялоо | ЖКБны "Университет 4.0" моделине трансформациялоо боюнча концепцияны жана жол картасын ишке ашыруу | 2025-2026-жылдар | ЖКБны "Университет 4.0" моделине трансформациялоо боюнча концепциянын жол картасын ишке ашыруу жөнүндө маалымат | БИМ |
6.7 | Эл аралык рейтингдердин масштабында ЖОЖдордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | 2025-2026-жылдар | Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордо инновациялык хабдар түзүлдү. ЖОЖдорду өнүктүрүү үчүн инновациялык фонд түзүлдү | БИМ ДБ долбоору | |
6.8 | ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун улуттук рейтингдеринин маданиятын өнүктүрүү | 2025-2026-жылдар | ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун ар бир жылдагы улуттук рейтингдеринин натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдалды | БИМ | |
6.9 | Жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү | Стартап-долбоорлорун уюштуруу жана өтүнмөлөрдү кабыл алуу, финалисттердин ишине мониторинг жүргүзүү | 2025-2026-жылдар | Өлкөнүн ЖОЖдорунан жана ОКОЖдорунан стартап өтүнмөлөрү кабыл алынды (жыл сайын) | БИМ |
6.10 | Педагогикалык кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү | Кыргыз Республикасында мектепте он эки жылдык билим берүүгө өтүү концепциясына ылайык даярдоонун педагогикалык багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу | 2025-2026-окуу жылы | Берилген ыйгарым укуктардын алкагында бекитүү үчүн даярдыктын педагогикалык багыттары боюнча ОКБнын жана ЖКБнын МБС жаңыртылды. Жасалма интеллект чаттарын пайдалануу менен чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүү, маалыматтарды талдоо, командада иштөө, долбоордук окутуу, кейс-метод жана дискуссиялык форматтар көндүмдөрүн кошкондо, мектептер үчүн бир кыйла сапаттуу жогорку деңгээлдеги мугалимдер даярдалды | БИМ |
6.11 | Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | Аккредитациялоо агенттиктерин таануу жана алардын ишине мониторинг жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу | 2025-2026-окуу жылы | ‘Аккредитациялоо агенттиктеринин ишин таануу жана мониторинг жүргүзүү" АМС иштелип чыкты | БИМ, СББ ММ |
6.12 |
| Аккредитациялоо агенттиктерин, аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программаларынын реестрин жүргүзүү. Маалыматты квартал сайын актуалдаштыруу менен электрондук реестрлерди БИМдин сайтына жайгаштыруу | 2025-2026-жылдар | Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиктеринин иши, аккредитацияланган билим берүү уюмдары жана программалары жөнүндө коомчулукка маалымдалды | БИМ, СББ ММ |
Кыскартуулардын тизмеси
| ||
АӨБ | - | Азия өнүктүрүү банкы |
ДБ | - | Дүйнөлүк банк |
ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ММ | - | мамлекеттик мекеме |
СББ ММ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Санариптик билим берүү борбору мамлекеттик мекемеси |
БИМге караштуу | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн |
БСӨД |
| сапатын өнүктүрүү департаменти |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
КАТЖКЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
ДБ ДИ/КБ | - | Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу/координациялоо бөлүмү |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЭАФ | - | Эмгек акыны төлөө фонду |
КБА | - | Кыргыз билим берүү академиясы |
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система |
ЖКБ | - | жогорку кесиптик билим берүү |
ОКБ | - | орто кесиптик билим берүү |
БКБ | - | башталгыч кесиптик билим берүү |
УУК | - | окуу-методикалык комплекстер |
ТӨМ | - | туруктуу өнүгүү максаттары |