Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 21
Момунов айылындагы соц обьектиге бөлүнгөн 0,40 га жер аянты жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момунов айылында башкы план боюнча социалдык обектилерге бөлүнгөн 0,40га жер аянты төмөнкүдөй бекитилсин:
1. Бала-бакча -0,10га,
2. Мечит -0,10га,
3. ФАП -0,10га,
4. Балдар ойноочу аянтча -0,10га.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |