Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 27
Жайыт тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Джолматовдун жана Кара-Бак айыл аймагынын Жайыттар боюнча жетекчиси С. Исаковдун сунушунунун негизинде, Кара-Бак айыл аймагында жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Жайыттар боюнча жетекчиси С. Исаковдун 2024-жылда аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2025-жылга карата Жайыттан түшүүчү каражаттардын сметасы 348 400 сом болуп бекитилсин. (№1 тиркеме)
3. Кара-Бак айыл аймагындагы жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу максатында түзүлгөн жайыт тарифи төмөнкүдөй бекитилсин.
К № | Мал түрү | Тариф баасы бир баш үчүн (сом) |
| Бодо малга | 200 |
| Майда малга | 40 |
| Жылкыга | 200 |
| Алты айга чейинки төл | 0 |
Башка айыл аймактардын малына эки эсе төлөнөт.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |