Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 28
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамынын, Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосунун негизиндеКара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуукомиссиясынын төрагасы Э. Амитовдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы учурунда Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеп турган Маматалиев Абдырахман Матазимовичке жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган Мадалиев Акжол Абдуваитовичке Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуукомиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |