Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-марты № 120
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз
Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал
жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын мындан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 13-пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Бишкек шаарынын ЖЭБи" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |