Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 "Кыргызалтын"
ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн
1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган
чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө"
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуунун тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 820 "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |