Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-февралы № 96
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 23-августундагы № 500 "Кызыл-Кыя автожолу"
өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү
күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу
боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан туруктуу негизде өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөө тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу мөөнөтүн актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500 "Кызыл-Кыя автожолу" өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктта "2025-жылдын 15-февралына" деген сөздөр "2025-жылдын 15-майына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 15 (3671) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |