Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 5-сессиясынын 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 20-февралы №7
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу.Ак-Сай өрөнүндөгү Көк-Кыя чөлкөмүндөгү турис тосу максатында ат иштеткен жеке ишкерлер жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Сай өрөнүнүн көк-кыя учаскасындагы турис тосу максатындагы жер алып иштешкен ишкерлер жана жеке ишкерлерге,кыштоодо мал кыштатып кыштаган фермерлердин жана чабандардын кышкы тойутуун (чөп) жеп такыркылып салбаш үчүн.Ар Бир ат иштеткен ишкерге 10 аттан ашык ат кармабасын ,бөлөк малдын түрүн (уй жылкы кой эшек ) киргизилбесин.
2. Ак-Сай өрөнүнүн көк-кыя учаскасындагы турис тосу максатындагы жер алып иштешкен ишкерлер жана ат иштеткен жеке ишкерлер.Аттарын наркы өйүздөгү,Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Муз айылынын жерине чыгарып аркандап жана тушап карап пайдаланышсын.
3. Ар бир ат башына 1 000 (миӊ) сомдон жайыт акы алынсын.
4. шул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн тазалык Муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |