Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 13-сентябры № 551-т
Бишкек шаарын жылуулук, электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча энергетика секторун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Орто Азия Инвестициялык Холдинги" (Orta Asya Investment Holding) ачык акционердик коомунун ортосундагы "Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында 250 МВт көп кубаттуулукта орнотулган, жаратылыш газында иштеген комбинацияланган циклдеги электр станциясын куруу, иштетүү, иштеп чыгуу, эксплуатациялоо жана тейлөө шарттары жөнүндө" инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |