БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-январы № 82/XXVI-28
Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин, 2025-26-жылдарга болжолу жана 2023-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесинин негизинде, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кыдырманованын “Бирдик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин, 2025-26-жылдарга болжолу жана 2023-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Бирдик айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Бирдик а/а 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө такталган отчеттун негизинде кирешелер боюнча 15476,5 миң сом, чыгашалар боюнча 15476,5 миң сом бекитилсин.
2. Бирдик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети киреше жана чыгаша бөлүгүндө 10249,4 миң сом (анын ичинен МБдан 7732,5 миң сом; ВГ - 2516,9 миң сом) 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү бекитилсин, киреше булактарынан түшкөн кирешелер, №1 тиркемеге ылайык.
3. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу кирешелер жана чыгашалар боюнча - 10249,4 миң сом (анын ичинде МБ-7732,5; ВГ-2516,9), 2025-жылга - 10155,2 миң сом суммасында бекитилсин (анын ичинде МБ-37.38). , ВГ-2516,9) 2026-жылга - 10438,2 миң сом (анын ичинде МБ-7921,3,; ВГ-2516,9)
4. Бирдик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 01.01.2024-ж. негизги эсептин бош калдыгынан 10 000 сом жүгүртүү кассасы белгиленсин.
5.Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысына 2024-жылы бекитилген бюджетке эркин калдыктын эсебинен кирешелердин болжолдонгон түшүүсүнөн ашыкча, чыгашалардан ашыкча өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
6.Негизги эсептеги бош калдык 01.01.2024-жылга карата 5608,6 миң сомду түзөт.
7. Атайын каражаттардын бош калдыгы 2023-жылдын 1-мартына карата 14,8, анын ичинен тендер боюнча ГОКЗ депозиттик эсебинде 55,8 миң сом.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирдик айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бирдик айылдык кенештин төрагасы | Ч.Д.Миншанло |