ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 04
“Чоң-Кемин айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чоң-Кемин айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чоң-Кемин айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Кемин айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасына жана Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Ш.Шейшенбеков |