Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 6-мартындагы № 5-16-30

Кемин шаарын суу менен камсыздоо жана канализация долбоорун ишке ашырууга жана өндүрүштүк базаны куруу үчүн бир гектардан жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

«Кемин-Суу канал» муниципалдык ишканасынын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы талкууланып, пикир алмашып:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кемин шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашырууга жана Ленин көчөсүнөн Байчечекей бала бакчасы менен №1 кичирайондун ортосунан бир гектар жер тилкесин курууга “Кемин суу канал” МПнын өндуруштук базасы курууга макулдук берилсин.

2. Кемин шаарынын мэриясы Кемин шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация долбоорун ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшасын, подрядчыны жайгаштыруу үчүн өндүрүштүк базаны курууга, тосууга, электр менен жабдууга каражаттарды, материалдарды, жабдуулар жана турак-жай алдын ала каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

  Д. Мусаев