Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-мартындагы № 6-16-30
Тукеев көчөсүнө лоток орнотуу Кемин шаарында Н.Давлесов атындагы No3 КМШнын имаратында откана куруу жана жылытуу системасын алмаштыруу, Нур айылынын мектебинин имаратында откана куруу жана жылытуу системасын алмаштыруу, Кемин райондук аскер комиссариатынын имаратын капиталдык ондоо, суу ташуучу унаа сатып алуу, кызматтык унаа сатып алуу жана Победа паркын капиталдык ондоо, корктондуруу, Кемин шаарынын борбордук Жибек –Жолу көчөнүн жана түнүдүк бөлүгүн асфалтоо, жашылдандыру боюнча долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө
Электр жылытуудан катуу отунга өтүү, шаарды сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу жана «Кемин-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы талкууланып, пикир алмашып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берүү:
- Кемин шаарында Тукеева көчөсүндө лоток орнотуу – 6 400 000 сом өлчөмүндө,
- Кемин шаарында Н. Давлесов атындагы №3 КМШнын откана куруу жана жылытуу системасын алмаштыруу – 23 373 537 сом өлчөмүндө,
- Нур айылынын мектебинин имаратында откана куруу жана жылытуу системасын алмаштыруу – 15 733 321,7 сом өлчөмүндө,
- суу ташуучу унаа сатып алуу – 12 200 000 сом өлчөмүндө,
- Кемин райондук аскер комиссариатынын имаратын капиталдык ондоо – 5 000 000 сом өлчөмүндө,
- Победа паркын капиталдык ондоо, корктондуруу – 22 960 660 сом, софинансирование – 5 300 00 сом, долбордун жалпы суммасы – 28 260 660 сом өлчөмүндө,
- Кемин шаарынын борбордук Жибек –Жолу көчөнүн жана түнүдүк бөлүгүн асфалтоо, жашылдандыру Берикбаева көч. Ч. Акаева көчөгө чейин – 15 650 400 сом өлчөмүндө,
2. Кемин шаарынын мэриясы жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |