Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-майындагы № 3-17-30
Мамлекеттик Ипотекалык Компания (МИК) тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кемин шаарынын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында талкуу жана пикир алмашуудан кийин Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Кемин, Степная көчөсү № 46 дарегинен ин 7-01-1001-3875 3 (үч) га аянты жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринен каттоо жагы Кемин шаардык кеңешинин жооптуу катчысы К.Ж.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |