Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 2-18-30
Кемин суу канал» ишканасынын 2024-жылдын 6 айындагы Кемин шаарынын калкына, Кызыл-Октябрь айылына, Кашкелең айылына ичүүчү суу менен камсыз кылуунун абалы жана аткарылган иштер тууралуу жөнүндө
Депутат Кемин суу канал ишканасынын 2024-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты карап, угуп жана талкуулады. Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Өмүр ЖӨБОнун 2024-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
- ичүүчү сууга тарифти көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө анализ жүргүзүүлсун,
- квартал сайын финансылык талдоо жүргүзүүсүн, менчигинин түрүнө карабастан калктан, ишканалардан жана уюмдардан акча чогултууну күчөтүүлсүн;
- суу менен камсыздоо системаларындагы ичүүчү суунун үзгүлтүктөрүн жана агып кетүүлөрүн жоюу боюнча иштерди ыкчам жүргүзүүсүн;
- ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бардык талаптарын аткарылып турсун;
- ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ишкананын колдо болгон техникалык каражаттарын арналышы боюнча гана толук пайдалансын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага Д. Мусаев