Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 3-18-30
Кемин РИИБнин имаратын оңдоо боюнча, Кемин ш.Садовая көч. жети кызматтык үйү үчүн эмерек жана тиричилик техникаларын сатып алуу боюнча, КСШ 2-А.И. Сурантаев атындагы мектептин аймагындагы воркаут зонасын жана кичи футбол талаасын көрктөндүрүү жана орнотуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө. Кемин районунун маданият үйү үчүн ЛЭД экранын сатып алуу, информатика кабинетин капиталдык ремонттоо жана КСШ 2-А.И. Сурантаев атындагы мектептин компьютердик жабдууларды сатып алуу, Кемин районунун прокуратурасынын имаратынын полун жабуу
Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевдин долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп "Буу казанды алмаштыруу, спорт залды жылытуу, спорт залдын имаратын, Кемин районунун ИИБ имаратынын түндүк-чыгыш тарабын оңдоо, Кемин РИИБнин имаратын оңдоо боюнча, Кемин ш.Садовая көч. жети кызматтык үйү үчүн эмерек жана тиричилик техникаларын сатып алуу боюнча, КСШ 2-А.И. Сурантаев атындагы мектептин аймагындагы воркаут зонасын жана кичи футбол талаасын көрктөндүрүү жана орнотуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө. Кемин районунун маданият үйү үчүн ЛЭД экранын сатып алуу, информатика кабинетин капиталдык ремонттоо жана КСШ 2-А.И. Сурантаев атындагы мектептин компьютердик жабдууларды сатып алуу, Кемин районунун прокуратурасынын имаратынын полун жабуу. Кемин шаардык кенешинин депутаттары талкуулап жана пикир алышып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берүү:
-Кемин районунун ИИБ имаратынын буу казанды алмаштырууга, спорт залды жылытууга, түндүк – чыгыш тарабындагы спорт залдын имаратын оңдоого - 3 219 069 сом, Кемин районун өнүктүрүү фонду аркылуу.
– Кемин районунун өнүктүрүү фонду аркылуу Кемин шаарынын Садовая көчөсүнүн 7 (жети) кызматтык үйүнө 1 319 850 сом эмерек жана тиричилик техникаларын-1 406 300 сом сатып алууга.
- КСШ 2-А.И. Сурантаев атындагы мектептин аймагындагы воркаут зонасын жана кичи футбол талаасын көрктөндүрүү жана орнотуу боюнча долбоор – 5600,0 млн. сом Кемин районун өнүктүрүү фонду аркылуу, Кемин шаарынын мэриясы тарабынан каржылоодон - 900,0 миң сом.
- Кемин районунун үй маданияты үчүн LED экранды сатып алууга - 1800,0 млн сом, Кемин райондук өнүктүрүү фонду аркылуу.
- А.И. Сурантаев атындагы №2 КОМнин информатика кабинетин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана компьютердик техникаларды сатып алуу – 2 398 588 млн сом, Кемин районун өнүктүрүү фонду аркылуу.
- Кемин районунун прокуратурасынын имаратына пол жабууларын орнотууга - 352 749 миң сом. Кемин районун өнүктүрүү фонду аркылуу.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |