Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 4-18-30
Кемин шаарындагы музыкалык мектептин аталышы жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кемин шаарындагы музыкалык мектептин жамаатынын пикирин эске алып, Кемин шаарындагы музыкалык мектептин атын атоо жөнүндө Чопиев Эсенгул Алишерович КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Чүй облусунун "Кеменгер", Кемин районунун Ардактуу жараны. Кемин шаардык кенешинин депутаттары талкуулап жана пикир алышып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чопиев Эсенгул Алишеровичтин наамы Кемин шаарынын Киров көчөсүндөгү No37 дарегиндеги Кемин шаарынын музыкалык окуу жайына ыйгарылсын.
2. Музыкалык мектептин аталышына байланыштуу чыгымдар арыз ээсинин эсебинен төлөнөт.
3. Кемин райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, Кемин райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |