КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 5-18-30
“Кемин шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кемин шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобонун долбоорун карап чыгып, Кемин шаардык кенешинин депутаттары талкуулап жана пикир алышып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кемин шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин. (Жоболор 3 баракта тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага Д. Мусаев