Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 6-18-30
Мүлк салыгын эсептөө үчүн формулада пайдаланылуучу зоналык коэффициентти көбөйтүү жөнүндө
Кемин шаарынын мэриясынын салыктар боюнча башкы адиси Н.Солпубашевдин жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу максатында мүлк салыгын эсептөө үчүн формулада колдонулуучу зоналык коэффициентти көбөйтүүнүн жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404 – беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алуу менен. Кемин шаардык кенешинин депутаттары талкуулап жана пикир алышып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэриясынын аймагында мүлккө салыкты эсептөө үчүн формулада колдонулган зоналык коэффициент мурда белгиленген 1ден 1,3 кө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага Д. Мусаев