Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 8-18-30
Калкты, коммерциялык түзүмдөрдү, объекттерди жана бюджеттик, бюджеттик эмес уюмдарды (Кемин, Кызыл-Октябрь айылы, Кашкелең айылы жана Нур айылы) ичүүчү суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди бекитүү жөнүндө
Ичүүчү суу менен камсыз кылуунун курч көйгөйүн жана Кемин-Суу канал ишканасынын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусун талкуулап, эске алып, Кемин шаардык кенешинин депутаттары талкуулап жана пикир алышып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калкты, коммерциялык түзүмдөрдү, объекттерди жана бюджеттик, бюджеттик эмес уюмдарды (Кемин, Кызыл-Октябрь, Кашкелең жана Нур) ичүүчү суу менен камсыздоо кызматына тарифтер бекитилсин. 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып айына 1 кубометрди эсепке алуу менен:
- калк – 1 м. куб – 12 сом.
- юридикалык жактар үчүн коммерциялык түзүмдөр, объекттер, бюджеттик, бюджеттик эмес уюмдар, 1 м. куб ичүүчү суу – 51 сом.
2. «Кемин-Сууканал» ишканасынын директору Ж.Исаков тарифтердин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен тарифтердин шайкештигин макулдашуулсун, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүүлсүн жана ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча келишимдерди жаңылоонсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |