Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 9-18-30
Кемин шаарынын Тукеев көчөсү № 98 дарегинде жайгашкан Мал союучу жайды, Кемин шаарынын аймагында жайгашкан Совет көчөсү № 168/2 Кампаны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевдин маалыматын уккандан кийин. Талкып, пикир алмашып, Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаары, Тукеев көчөсү № 98 дарегинде жайгашкан Мал союучу жайды, Кемин шаары, Совет көчөсү № 168/2 дарегинде жайгашкан Кампаны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаевв |