Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-майы № 237-т
2024-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик иш-чараларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2024-жылга өзүнүн ишин пландоодо ушул тескеменин тиркемесин жетекчиликке алсын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылы өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чаралардын уюштуруу комитеттери тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлөт жана бекитилет жана иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте өткөрүлөт;
2) ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн жалпы улуттук жана республикалык юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), шаарлардын мэрияларынын (макулдашуу боюнча) бюджеттеринен, ошондой эле гранттардын. демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик иш-чараларынын ТИЗМЕГИ
2024-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар | ||||
№ | Юбилейлик иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Негиз |
1. 2024-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен белгиленет) | ||||
1 | Белгилүү акын жана комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун туулган күнүнүн 200 жылдыгы (1824-1878) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусу |
2 | Кыргыздын белгилүү төкмө акыны Барпы Алыкуловдун туулган күнүнүн 140 жылдыгы (1884-1949) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун кайрылуусу |
2. 2024-жылга республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ченемдик документтери менен белгиленет) | ||||
3 | Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгы (Кыргызстан Советтик сүрөтчүлөр союзу) (1934) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу (макулдашуу боюнча) | Чыгымдар Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун каражаттарынын эсебинен | Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун кайрылуусу |
4 | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдагы (Кыргызстан Жазуучулар союзу) (1934) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун каражаттарынын эсебинен (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун кайрылуусу |
5 | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгы (Кыргыз ССРинин республикалык китепканасы) (1934) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кайрылуусу |
6 | П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы (Фрунзе музыкалык мектеби) (1939) | П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин директору Г.К.Суранчиеванын кайрылуусу |
7 | М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгы (Музыкалык-хореографиялык окуу жайы) (1939) | М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кайрылуусу |
8 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгы (Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы) (1954) | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын каражаттарынын эсебинен (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кайрылуусу |
9 | К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы (Республикалык жаштар китепканасы) (1954) | К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканасы | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканасынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканасынын кайрылуусу |
10 | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын түзүлгөн күнүнүн 30 жылдыгы (Кыргыз улуттук консерваториясы) (1994) | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кайрылуусу |
11 | Кыргызстан калкы ассамблеясынын түзүлгөн күнүнүн 30 жылдыгы (1994) | Кыргызстан калкы ассамблеясы (макулдашуу боюнча) | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар Кыргызстан калкы ассамблеясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | Кыргызстан калкы ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы А.Матубраимовдун кайрылуусу |
12 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин бекитилген күнүнүн 30 жылдыгы (1994) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кайрылуусу |
13 | Баткен облусунун түзүлгөн күнүнүн 25 жылдыгы (1999) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Юбилейди өткөрүүгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусу |
14 | Маданият ишмери Гүлбара Даниярованын 100 жылдыгы (1923-1991) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каражаттардын эсебинен | Г.Саманчинанын кайрылуусу |
15 | Кыргыз ССРинин эл артисти Асек Жумабаевдин 100 жылдыгы (1924-2005) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлеринин союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусу |
16 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, мамлекеттик ишмер, акын Үсөнкул Жумабаевдин 100 жылдыгы (1923-1976) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусу |
17 | СССРдин эл артисти Махмуд Эсамбаевдин 100 жылдыгы (1924-2000) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан калкы ассамблеясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлеринин союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кайрылуусу |
18 | Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти, профессор Эркин Арабаевдин 100 жылдыгы (1924-1995) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз улуттук агрардык университети | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз улуттук агрардык университетинин кайрылуусу |
19 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Бүбүйна Орузбаеванын 100 жылдыгы (1924-2013) | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын каражаттардын эсебинен (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кайрылуусу |
20 | Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгы (1924-2012) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусу |
21 | Манасчы Шаабай Азиз уулунун 100 жылдыгы (1924-2004) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылуусу |
22 | 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Ленинград блокадасында 150 баланы тарбиялаган Токтокан Алтыбасарованын 100 жылдыгы (1924-2015) | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылуусу |
23 | Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгы (1934) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин чегинде, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат | А.М.Мураталиев, Т.А.Сариев, А.К.Боронов, Ж.Ж.Сатыбалдиев, Д.К.Оторбаев, И.В.Чудинов, Ф.Ч.Куловдун кайрылуусу |