Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 10-18-30
Кемин-Бишкек-Кемин, Кемин-Токмок-Кемин маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу кызматына тарифтерди бекитүү жөнүндө
«МАРЕСАЛИК» ЖЧКсынын, ОЛИМП жана МАРАТтын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусун талкуулап жана эске алуу менен, Кемин шаардык кенешинин депутаттары талкуулап жана пикир алышып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу кызматына тарифтерди жогорулатууга макулдук берилсин:
- Кемин-Бишкек-Кемин - бир кишиге 150сом,
- Кемин-Токмок-Кемин – бир кишиге 80 сомдон.
2. «МАРЕСАЛИК», «ОЛИМП» жана «МАРАТ» ЖЧКларынын жетекчилери тарифтердин өзгөрүшүнө байланыштуу тарифтердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен шайкештигин макулдашып, калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |