Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-августундагы № 12-18-30
Кемин шаарынын Нур айылындагы «Нур» Коммуналдык ишканасы «Кемин Тазалык» Муниципалдык ишканага кошулуу боюнча макулдук берүү жөнүндө
Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевдин маалыматын уккандан кийин. Талкып, пикир алмашып, Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын Нур айылындагы «Нур» Коммуналдык ишканасы «Кемин Тазалык» Муниципалдык ишканага кошулуу боюнча макулдук берилсин.
2. «Кемин Тазалык» ишканасынын директору И.Б. Чуштуковко:
- Кемин шаарынын Нур айылындагы «Нур» Коммуналдык ишканасы, «Кемин Тазалык» Муниципалдык ишканага кошулуу боюнча иштерди жүргүзүп, Нур айылынын ичүүчү суу жана канализация менен камсыз кылууну толук жоопкерчилиги алынсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |