Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-сентябрындагы № 6-19-30
Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кемин шаардык мэриясынын аймагында жайгашкан Орловка жылуулук жана суу менен камсыздоо №3 отканасынын баланска кабыл алынышына байланыштуу «Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасынын Уставына өзгөртүү киргизүү тууралуу маалымат угуп, Кемин шаардык кеңешинин депутаттары талкуулап, пикир алмашышып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасынын уставынын 2- бөлүмүнүн 20-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилип, калкты жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо жана тейлөө менен толукталсын (№1 тиркемеге ылайык).
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |