Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №31/VI
Нурманбет айыл аймагындагы №70103, №7104, №7105, №7106
участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди
бекитүү жɵнүндɵ
2011-жылдын 30-июнундагы № 62 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды ɵткɵрүү боюнча шайлоо комиссиялары жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды ɵткɵрүү боюнча шайлоо комиссиялары жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу», ошондой эле жарандардын коомдук бирикмелеринин жыйындарында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди кɵрсɵтүлгɵндүгүнɵ байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. №7103, №7104, №7105, №7106, участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду тиркемелери менен Ысык-Ата районунун аймактык шойлоо комиссиясына жиберилсин
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башчысына жүктɵлсүн
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |