Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-сентябрындагы № 8-19-30
Кемин шаардык мэриясынын жер фондун инвентаризациялоого материалдарды бекитүү жөнүндө
«Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан сунушталган Кемин шаарынын мэриясынын жер фондун инвентаризациялоонун материалдарын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алуу менен ,
Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун жумушчу тобу тарабынан сунушталган Кемин шаардык мэриясынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча материалдар бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаардык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Мусаев Д.А |