Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-сентябрындагы № 9-19-30
Кемин шаарынын Жибек Жолу No99/2 жана No99/3 даректеринде жайгашкан эки айыл чарба кампаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевдин маалыматын уккандан кийин. Талкып, пикир алмашып, Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаары, Жибек Жолу көчөсү № 99/2 аянты 1271,60 чарчы метр, идентификациялык коду 7-05-01- 1001-4042 жана № 99/3 аянты 1768,20 кв.м., идентификациялык коду 7-05-01-1001-4044 Кемин шаардык мэриясынын аймагында жайгашкан эки айыл чарба кампаларын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Мусаев |