Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги III сессиясынын
2025-жылдын 17-январындагы №11/3-9
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш планынын долбоорун талкуулап чыгып, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы киргизилген өзгөртүүлөр менен бекитилсин. (тиркелет)
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин иш планын аткарууну камсыз кылуу шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш,А,Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |
Кара-Көл шаардык кеңешинин
17.01.2025-ж. III сессиясынын
№ 11/3-9токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылга иш планы
№ п/п | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылга иш планы жөнүндө | I квартал | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
2 | Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө | I квартал | Шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
3 | “Завод Достук” ачык акционердик коомунун менчигинде турган суу берүүчү курулманы 2, 42 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө | I квартал | Муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
4 | Токтогул ГЭСтеринин каскадынын балансында турган 55 батирлүү Сабиров көчөсүнүн № 25 үйүн Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө | I квартал | Шаардык мэрия, муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
5 | Кара-Көл шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө | I квартал | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
6 | Кара-Көл шаарын социалдык -экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2024-жылда аткарылышы жана 2024-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчёту | I квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
7 | Кара-Көл шаардык ММБнын 2024-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты жөнүндө муниципалдык менчик башкармалыгынын отчёту | I квартал | Муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
8 | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту | I квартал | Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, жайыт комитети, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
9 | Муниципалдык менчик башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга иш планы жана бюджети жөнүндө | I квартал | ММБнын жайыт комитети, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
10 | Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылдагы такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
11 | Шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө | I квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
12 | Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшү жана 2026-2027-жылдарга божомолу жөнүндө | I квартал | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
13 | Муниципалдык транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу | I квартал | Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
14 | Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2024-жылда аткарган иштери боюнча жана Жалал-Абад областынын Таш -Көмүр район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | I квартал | ЖДПБнын башкы врачы, Жалал-Абад областынын Таш -Көмүр район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн бөлүм башчысы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Кара-Көл шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | I квартал | Кара-Көл шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
16 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | I квартал | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
17 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу | I квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы , Кара-Көл өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
18 | Коомдук тартипти сактоонун абалы боюнча ШИББүнүн начальнигинин, коомдук профилактикалык борбордун төрагасынын, Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын, жаштар кеңешинин, аксакалдар сотунун маалыматы | II квартал | ШИИБүнүн начальниги, КАБ төрагасы, Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясы, жаштар кеңеши, аксакалдар соту, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
19 | Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы | II квартал | Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү , шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
20 | Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2024-2025-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы | II квартал | Кара-Көл шаардык маданият бөлүмү, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
21 | Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо, миграция башкармалыгынын 2024-2025-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | II квартал
| Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо, миграция башкармалыгы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
22 | Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2024-2025- окуу жылынын жыйынтыктары жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы | III квартал | Шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
23 | Кара-Көл шаарынын 2025-2026-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө | III квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, “Кара-Көл жылуулук жабдуу “ муниципалдык ишканасы, муниципалдык шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кара-Көл РЭТи, шаардык кеңештин аппараты |
24 | Кара-Көл шаарын социалдык -экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2025-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэринин отчёту | III квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы , шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
25 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалынын 2025-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
26 | Кара-Көл шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы | IV квартал | Кара-Көл шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
1 27 | Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отчету | IV квартал | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
28 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар алдында отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын планын жана графигин бекитүү жөнүндө | IV квартал | Шаардык кеңештин фракциялары, шаардык кеңештин аппараты |
Эскертме: өзүнүн актуалдуулугун жоготкон маселелер сессиянын күн тартибинен алынып салынат жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечими менен сунушталган маселелер сессиянын күн тартибине киргизилет.
Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин аппараты шаарда болуп жаткан ар кандай иш-чараларга, ишембиликтерге активдүү катышат.
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы К.И.Нурматова