Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги III сессиясынын
2025-жылдын 17-январындагы №12/3-9
Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратына токтомду жана ага тиркелген материалдарды аймактык шайлоо комиссиясына кечиктирбестен жөнөтүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |