Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги III сессиясынын
2025-жылдын 17-январындагы №13/3-9
“Завод Достук” ачык акционердик коомунун менчигинде турган суу берүүчү курулманы 2, 42 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин “Завод Достук” ачык акционердик коомунун менчигинде турган суу берүүчү курулманы ( водозаборное сооружение) 2,42 га жер тилкеси менен бирге Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Завод Достук” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы отурумунун № 7 протоколдук чечимин эске алып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-6-беренелерин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Завод Достук” ачык акционердик коомунун өндүрүштүк керектөөсүнө акысыз суу берип туруу шарты менен “Завод Достук” ачык акционердик коомунун менчигинде турган суу берүүчү курулманы 2, 42 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке акысыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (М.С.Курамаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 24.04.2015-жылдагы “Кара-Көл шаарынын “Завод Достук” ААКунун балансында турган насостук станциянын 3 скважинасын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” № 69/19-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |