Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги III сессиясынын
2025-жылдын 17-январындагы №14/3-9
Токтогул ГЭСтеринин каскадынын балансында турган 55 батирлүү Сабиров көчөсүнүн № 25 үйүн Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин Токтогул ГЭСтеринин каскадынын балансында турган 55 батирлүү Сабиров көчөсүнүн № 25 үйүн Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Электр станциялары” ААКнун 10.02.2010-жылдагы “Кара-Көл шаарындагы 55 квартиралуу Сабиров көчөсүндөгү № 25 үйүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берүү жөнүндө” №3 токтомунун эске алып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул ГЭСтеринин каскадынын балансында турган 55 батирлүү Сабиров көчөсүнүн № 25 үйүн Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (М.С.Курамаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |