Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын
кезектеги III сессиясынын
2025-жылдын 17-январындагы №15/3-9
Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүндө жайгашкан аянты 948,0 чарчы метр жана аянты 600,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алуу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин, ММБнын башчысы М.С.Курамаевдин Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүндө жайгашкан аянты 948,0 чарчы метр жана аянты 600,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алуу үчүн токтом чыгарып берүү боюнча кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-6-беренелерин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүндө жайгашкан аянты 948,0 чарчы метр жана аянты 600,0 чарчы метр жер тилкелерин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына акысыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (М.С.Курамаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |