Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышы
2025-жылдын 21-февралындагы №36
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы
№78 “Айыл өкмөтүнүн карамагындагы пайдаланууга жараксыз болуп калган ВАЗ 21214 мам.№0980 IК жана ВАЗ 21214 мам.№0883 IК автоунааларын эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу учурларында бюджетке киреше алып келүү максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Токтомдун 1-пунктуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
“Автоунааларын” деген сөздөн кийин “сатуу жолу менен” деген сөздөр менен толукталсын.
1.1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы пайдаланууга жараксыз болуп калган ВАЗ 21214 мам. №0980 IК жана ВАЗ 21214 мам.№0883 IК автоунааларын сатуу жолу менен эсептен чыгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов