Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 27-февралындагы №37
Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан турак жайга болгон
мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун карап, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан турак жайга болгон мүлк салыгынын өлчөмү 1 чарчы метр үчүн 9 сом деп бекитилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов