Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 27-февралындагы №38
Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын таяныч пунктун
салуу үчүн жер участогун берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун карап, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын Арык Мырза жаңы конушунан 300,0 чарчы метр жер участогун акысыз жана мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигине караштуу Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын таяныч пунктун курууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов