Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 27 февралындагы № 3
Алтын-Арашан айыл аймагынын турак-жай
имараттарына салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Мамлекеттик салык кызматынын Ак-Суу району боюнча башкармалгынын 2025-жылдын 23.01 № 01-6-30 “Кыргыз Республкасынын Салык кодексинин талаптарынын аткарылышынын камсыз кылуунун алкагында, ошондой эле жергиликтүү салыктардын төлөӊүшүнө салыктык контролду жүзөгө ашыруу максатында, Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу салыктардын ставкаларын бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагынын 2025-2027-жылдагы салык мезгилдеринде пайдаланууга берилген турак-жай имараттарына салыктын ставкасы 10 (он) сом болуп бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев