Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 7-марты ПЖ № 82
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкын түзүүнү жана анын иштешин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги аталышта "укук" деген сөз "укуктук" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) преамбулада жана 1 -пунктта:
- мамлекеттик тилдеги "нормативдик" деген сөз "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "ММБ" деген аббревиатура "УМББ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
3) 2-5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. УМББга төмөнкүлөр киргизилет деп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын кодекстери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана тескемелери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелери;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;
- ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери.
Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды камтыган ченемдик укуктук актылар (актылар) УМББга киргизилбейт.
3. Бул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар (актылар) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды кабыл алган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө УМББга жиберилет.
4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет.
Мындай эл аралык келишимдердин электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга берилет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалыматты алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга жиберет.
Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аларга кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет. Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалымат алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жогоруда көрсөтүлгөн укуктук маалыматты электрондук формада алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат деп белгиленсин.";
4) мамлекеттик тилдеги 6-8-пункттарда ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Указ" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жарлык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |