Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VI сессиясынын
2025-жылдын 26-февралы №3
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги эски имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/795 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 24.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ватутин көчөсүндө жайгашкан №12 “Жылмаю” мектепке чейинки билим берүү уюмунун эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Жалла-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалла-Абад шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн. Имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |