Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VI сессиясынын
2025-жылдын 26-февралы №4
Жалал-Абад шаарынын Курорт көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ”Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/930 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 25.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курорт көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан 20217,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
· Ижара акысы бир чарчы метр жер тилкеси 1 (бир) сомдон белгиленсин жана ар бир айга 20 217 сомдон ижара акысын төлөө жагы милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерин ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |