Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VI сессиясынын
2025-жылдын 26-февралы №5
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги батирди менчиктештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Турак-жай” Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана 59-беренесинин 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 19.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/877 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 20.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүнүн №36 үйүнүн №1 батирин Асанов Турдумамат Абдибаитовичтин жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) муниципалдык үйдү мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |