Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VI сессиясынын
2025-жылдын 26-февралы №6
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктигинин балансындагы жер тилкесин Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жана мөонөтсүз пайдаланууга, жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/984 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 25.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктигине караштуу Жалал-Абад шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-02-0005-1695) жалпы аянты 6969,50 чарчы метр жер тилкесин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-02-0005-1695) муниципалдык 3000,0 чарчы метр жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга “Элдик Банк” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-02-0005-1695) муниципалдык 3969,50 чарчы метр жер тилкесин алмашуу келишими менен М.А.Арапбаевге өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мүлктү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адис (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |