Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-марты № 121
Автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 8707 10 900 0 коду менен классификациялануучу автотранспорт каражаттарынын кузовдорун ("ДТ Техник" жоопкерчилиги чектелген коому (ИНН 02811201210064), "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому (ИНН 01709202111559), "Жису" Кытай-Кыргыз биргелешкен автомобиль өндүрүштүк компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому (ИНН 02902202410382), "Шунфа" жоопкерчилиги чектелген коому (ИНН 01706201610209), "Мурат Авто" жоопкерчилиги чектелген коому (ИНН 01010202410378), "Кыргыз унаа курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому (ИНН 01202201810079), "Меридиан Голд" жоопкерчилиги чектелген коому (ИНН 01812201710299) тарабынан ташып келинген, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү жана чогултуу үчүн арналган автотранспорт каражаттарынын кузовдорун кошпогондо) ушул токтом күчүнө киргенден кийин үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө автотранспорт каражаттарынын кузовун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 633 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ