Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
III сессиясынын
2024-жыл 12-декабры №11
Каргалык айыл өкмөтүнүн 11.12.2024-жылдагы №01-6/937 сандуу катындагы ашыкча түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 11111100 элементинин эмгек акыдан алынуучу киреше салыгы пландан тышкары - 6000,0 миң сом өлчөмүндө ашыкча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, 11111100 эмгек акыдан алынуучу киреше салыгына - 6000,0 миң сом акча каражаты кошумча планына отургузулсун.
2. Жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө - 6000,0 миң сом акча каражаттын төмөндөгү чыгаша беренелерине 2215 - ар кандай чыгымдар беренесине -1130,0 миң сом, (долбоордук сметалык документацияларды түздүрүү, карышкыр чөөлөрдү жок кылууга), 2511 субсидии беренесине - 413,0 миң сом (Каргалык МТС муниципалдык ишканасынын техникасынын кредити), мектеп окуучуларын ташууга келген автобуска дөңгөлөктөрдү жана күйүү май менен камсыз кылууга 2214 транспорттук чыгымдар беренесинен - 700,0 миң сом, 3111 курулмаларды куруу беренесинен Каргалык айыл аймагына караштуу Ак-Өргө конушуна ички жолуна - 1300 метр, Таш-Арык участкасына - 300 метр, жалпы -1600 метр жерге шагыл төгүүгө -1200,0 миң сом, Сары-Булуң, Кара-Суу айылына мал дарылоочу 2 даана раскол (размер 15х15) курууга -700,0 миң сом, Ак-Өргө конушуна таза-сууну ишке киргизүүгө кольцо алууга - 50,9 миң сом, балдар ойноочу аянтчалардын, айланасын тосууга - 350,0 миң сом, өздүк салымга - 1456,1 миң сом жана жалпы 3111 курулмаларды куруу беренесине - 3757,0 миң сом акчаны, айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө - 6000,0 миң сом акча каражаты кошумча планга отургузулсун.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |