Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-августу №34/VII
Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп
кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо (АИД-3 КК) долбоорунун
алкагында Нурманбет айыл аймагынын ишмердүүлүгү жɵнүндɵ
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ» Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында Нурманбет айыл аймакта аткарылган иштери боюнча Нурманбет АК АКИАнын тɵрɵгасы Бекбоев А.С. жана Красная Речка АК АКИАнын тɵрɵгасы Кииров И.А. маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.АИ-3 КК долбоорунун алкагында Нурманбет айыл аймакта аткарылган иштери боюнча Нурманбет АК АКИАнын тɵрɵгасы Бекбоев А.С. жана Красная Речка АК АКИАнын тɵрɵгасы Кииров И.А. берген маалыматы кабыл алынсын.
2. Айыл ɵкмɵтүнүн башчысы АКИАнын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жɵнүндɵ сунуштарын даярдап берсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн башчысына жана айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |